Өмүрбекова менен Чолпонбаевдин кызматтан кетишине эмне себеп болду?

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевЗаседание Межсекторального координационного совета по созданию и развитию электронной базы данных лекарственных средств
Заседание Межсекторального координационного совета по созданию и развитию электронной базы данных лекарственных средств - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин төрагалыгында өткөн Коопсуздук кеңешинин беш жолку жыйынында кабыл алынган чечимдер көз жаздымда калганы белгиленет.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча Республикалык штабды жетектеп турган вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кызматтан алынышынын себептерин айтты.

Маалыматта 27-январдан 31-мартка чейин президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгында Коопсуздук кеңеши беш ирет отурум өткөрүп, коронавирус инфекциясынан коргонууга багытталган чечимдер кабыл алынганы белгиленет.

Алтынай Өмүрбекова эмнесинен жазды?..

© Пресс-служба правительства КРЭкс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова
Өмүрбекова менен Чолпонбаевдин кызматтан кетишине эмне себеп болду? - Sputnik Кыргызстан
Экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова

Республикалык штаб вирусту өлкө аймагына киргизбөө жана жайылтпоо боюнча өз убагында тийиштүү чараларды колдонуп, көзөмөлдөгөн эмес;

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын жетекчилигиндеги штаб бардык адистештирилген лабораторияларды, анын ичинде мобилдүү лабораторияларды уюштуруп, зарыл болгон ПЦР-тесттердин запасы жана аларга керек болгон материалдар менен камсыздашы керек болчу, бирок бул иштер аткарылган эмес. Коронавирусту аныктоо үчүн болгону эки гана лаборатория иштетилип, кийин дагы үчөө кошулган. Тиешелүү сунуштамалар берилгенден кийин иштеп жаткан лабораториялардын саны 10го жетти;

Үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында реагенттердин жана тест-системалардын баасы минималдуу эле. Пандемия жарыяланган күндөн баштап суроо-талап жогору болгондуктан алардын баасы үч эсеге кымбаттаган.

Космосбек Чолпонбаев адистердин кеңешин укпай койгон

© Пресс-служба правительства КР Алишер АлиевМурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев
Өмүрбекова менен Чолпонбаевдин кызматтан кетишине эмне себеп болду? - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев

Январь айында вирусологдор менен лаборанттар Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилерине, анын ичинде министр Космосбек Чолпонбаевге коронавирус жуктургандарды аныктоо жана анализдерин чыгаруу үчүн тест-системаларды алуу зарылдыгын айтып, бир нече жолу кайрылышкан. Бирок алардын сунуштары этибарга алынган эмес. Мунун кесепетинен лабораторияларга керек болгон материалдар менен камсыздоо иштери ар кандай ыкмалар менен авралдык режимде жүргүзүлүүдө.

Президентке чындыкка коошпогон отчёт берилген

Алтынай Өмүрбекова жетектеген Республикалык штабдын иши жакшы уюштурулбагандыктан мамлекеттик органдардын иши жетиштүү координацияланбай, зарыл болгон чечимдер убагында кабыл алынбай жатты;

Вице-премьер-министр кызматынан бошотулган Алтынай Өмүрбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кийин жумуш издейм. Кызматтан кеткен Өмүрбекова эмне менен алек болорун айтты
Саламаттык сактоо министринин ишине жоопкерчиликсиз мамилесинен улам коронавируска кабылган адамдар өз убагында аныкталбай, толук айыкканга чейин обсервацияга жаткырылган эмес;

31-марттагы акыркы жыйында саламаттык сактоо министри коронавирустун жайылышына бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруудагы кемчиликтерин мойнуна алды.

Буга чейин эле Чолпонбаев жасалып жаткан иштер тууралуу отчётунда реалдуулукка жатпаган маалыматты берип келген;

Коопсуздук кеңеши тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигине зарыл болгон дары-дармек жана жеке коргонуу каражаттарынын (коргоочу костюмдар, бет каптар, кол каптар, дезинфекциялоо каражаттары, реагенттер) запасын алуу тапшырылган. Бирок сунушталган иш-чаралар аткарылбай эле жыйындарды өткөрүү менен гана чектелип калган;

Республикалык штабдын кабыл алган чечимдери облус, райондорго өз маалында жеткирилген эмес. Алардын аткарылышында көзөмөл жок болгон. Мунун натыйжасында облустук штабдардын ишинин координацияланбаганы өлкө аймагындагы реалдуу кырдаалга баа берүүгө таасирин тийгизди;

Медициналык каражатка дароо таңкыстык пайда болуп, эл арасында ажиотаж жаралды;

Алгачкы учур катталгандан кийин да коронавирустун жайылып кетишине жол бербөө боюнча чаралар формалдуу көрүлгөн.

Жоопкерчиликсиз жетекчилер коомчулуктун нааразычылыгын жаратты

Айрым посттор тепловизорлор менен камсыздалган жок, ал жерде турган кызматкерлерге жеке коргонуучу каражаттар берилген эмес.

Жогорку Кенеш жыйналышында Аида Исмаилова, Сабыржан Абдикаримов жана Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Аида Исмаилова менен Сабыржан Абдикаримов кызматка киришти
Мисалы, Казакстанга Кыргызстандан барган жарандан вирус табылганда, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги бул жаран менен контакт болгондорду ыкчам түрдө издеген эмес.

Министр Чолпонбаев мойнуна жүктөлгөн бир канча тапшырмаларды аткарбай жүрө берген.

Өмүрбекова жана Чолпонбаевдин жоопкерчиликсиз ишинин кесепетинен аргасыз кошумча күчтөр тартылып, финансы каражаттары изделип жатат;

Бардык жогоруда көрсөтүлгөн фактылар эпидемиологиялык абалга терс таасирин тийгизип, ооруну жуктуруп алган жарандардын санынын өсүшүнө алып келди.

Коопсуздук кеңеши вице-премьер менен министрге эмнелерди сунуштаган?

30-январга чейин Кытай жана вирус катталган өлкөлөрдөн келип жаткандар, ошондой эле Кыргызстанда жаңы учур аныкталганда көрүлө турган кечиктирилгис чаралар камтылган планды иштеп чыгуу;

Коронавирусту жуктургандарды өз убагында аныктоо жана жайылуусуна жол бербөө үчүн бардык тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыкта күнү-түнү мониторинг жүргүзүү;

Чек ара кызматы жана Бажы кызматы менен биргеликте чек ара көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы санитардык-эпидемиологиялык жана миграциялык көзөмөлдү, анын ичинде аба, автомобиль жана темир жол транспорту объектилериндеги көзөмөлдү күчөтүү;

Көзөмөл-өткөрүү пункттарын коронавирус жуккан учурларды аныктоо жана андан коргонуу үчүн зарыл болгон бардык каражаттар менен жабдуу;

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Европа кеңешинен коронавирус менен күрөшүүгө жардам сурады
Кытайдан жана эпидемиологиялык абалы начар делинген өлкөлөрдөн келип жаткан жарандарга жашаган дареги боюнча милдеттүү медициналык текшерүүнү уюштуруу;

Республикада эпидемиологиялык абал начарлап кете турган болсо медициналык мекемелердин калкка зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даярдыгын камсыздоо;

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев чек аралардагы бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарын ыкчам тартипте жеке өзү барып эпидемиологиялык талаптарга шайкеш келишин, техникалык, материалдык жактан жабдылышын жана медициналык кызматкерлер менен камсыздалышын текшерүүгө тийиш;

Коопсуздук кеңешинин ар бир отурумунда ишке тартылган бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине сунушталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы жөнүндө бир нече ирет эскертилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0