Аида Исмаилова менен Сабыржан Абдикаримов кызматка киришти

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кенеш жыйналышында Аида Исмаилова, Сабыржан Абдикаримов жана Мухаммедкалый Абылгазиев
Жогорку Кенеш жыйналышында Аида Исмаилова, Сабыржан Абдикаримов жана Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн мүчөлүгүнө талапкерлерди кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары дагы бир добуштан колдоп берген.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Аида Исмаилова вице-премьер-министр, Сабыржан Абдикаримов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Алар бүгүндөн тарта кызматка киришти.

ЖК депутаты Төрөбөй Зулпукаров - Sputnik Кыргызстан
Аялдардан этият болуңуз! Зулпукаров кызматка бараткан Исмаиловага кеңеш айтты
Өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлерди кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары бир добуштан колдоп беришкен.

Аида Исмаилова "Республика — Ата-Журт" фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп эмгектенип жүргөн.

Мындан ары ал өкмөттүн социалдык маселелерин тескеп, коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча Республикалык штабды жетектейт.

Ал эми Сабыржан Абдикаримов буга чейин Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси болуп иштеп жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0