Жогорку Кеңеш Исмаилова менен Абдикаримовдун талапкерлигин колдоду

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаттары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлигин жактырды
Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлигин жактырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы кызматка бара жаткандардын бири ЖК депутаты, экинчиси жугуштуу оорулар боюнча 30 жылдык тажрыйбасы бар адис.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлигин жактырды.

Жаңы кызматка көрсөтүлгөндөрдү өкмөт башчы парламентке алып келип, тааныштырды.

Натыйжада вице-премьерликке сунушталган Аида Исмаиловага 91 депутат макул деген добушун берди. Каршы чыккандар болгон жок.

ЖК депутаты Төрөбөй Зулпукаров - Sputnik Кыргызстан
Аялдардан этият болуңуз! Зулпукаров кызматка бараткан Исмаиловага кеңеш айтты
Ал эми саламаттык сактоо министри кызматына Сабыржан Абдикаримовду дайындоо үчүн 95 эл өкүлү макулдугун берди. Каршы добуш берилген жок.

Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика — Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү. Ал кызматка дайындалгандан кийин өкмөттүн социалдык маселелерин тескейт.

Ал эми Сабыржан Абдикаримов буга чейин Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси болуп иштеп жаткан.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан бошоткон.

Кечээ, 31-мартта, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент өлкөдө коронавирус жуктургандардын санынын өсүшүн алдын алуу иштеринин чабал жүрүп жатканын айгинелеп койгонун баса белгилеген. Мындан улам Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлигинин ишин сындаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0