Аялдардан этият болуңуз! Зулпукаров кызматка бараткан Исмаиловага кеңеш айтты

© Фото / пресс-служба ЖКЖК депутаты Төрөбөй Зулпукаров
ЖК депутаты Төрөбөй Зулпукаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исмаилованын талапкерлиги вице-премьерликке сунушталууда, кызматка дайындалып калса социалдык маселелерди тескейт.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Депутат Төрөбөй Зулпукаров вице-премьерлик кызматына талапкерлиги сунушталган кесиптеши Аида Исмаиловага аялдардан этият болуу керектигин эскертти.

Учурда парламентте вице-премьер жана саламаттык сактоо министри кызматына талапкерлер каралууда.

“Квота боюнча бул кызматка аял киши барышы керек. Бирок сиз ишке киришкенден кийин ал жердеги аял кесиптештерден этият болуңуз. Буга чейин Таалайгүл Исакунова, Лунара Мамытова, Зууракан Каденова жана башкаларга аял кесиптештери эле ор казган. Этият болуңуз! Биз, эркектер, дайыма сиздерди колдоп келебиз”, — деди Зулпукаров.

Жогорку Кенештин жыйналышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар оор кырдаалда элге жөлөк болчу мыйзам долбоорун кабыл алды
Белгилей кетсек, эл өкүлү белгилеп кеткен айымдар мурда социалдык өнүктүрүү министри жана министрдин орун басары болуп иштеген.

2018-жылы 22-сентябрь күнү Сеул шаарында Зууракан Каденова мас абалында бир сааттан ашык жаңжал салып, анын айынан Алматыга уча турган учак эки саат кармалып калган. Окуяга депутат Аида Исмаилова дагы күбө болгонун айтып чыккан.

Кызматка сунушталган Исмаилова Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика — Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү. Кызматка дайындалып калса өкмөттүн социалдык маселелерин тескейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0