Балыкчы шаарынын жаш мэри кызматтан кетти. Себеби

© © SputnikБалыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов. Архив
Балыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марат Кудайбергенов былтыр 26 жашында мэрликке келген. Ал өлкө боюнча эң жаш башкаруучу болуп саналган.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Балыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов өз каалоосу менен кызматтан кеткенин өкмөттүн аппаратынан тастыкташты.

Буга чейин калаа башчысы 12-апрелде Балыкчыда өтө турган шаардык кеңештин шайлоосуна ат салышууну пландап жатканы үчүн кызматтан кетүүгө ниеттенгени айтылган. Анткен менен Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу шайлоонун күнү жылган.

Кудайбергенов былтыр 26 жашында мэрликке келген. Ал Балыкчыдагы эле эмес, өлкө боюнча эң жаш башкаруучу болуп саналган. Буга чейин "Замандаш" партиясынан шаардык кеңештин депутаты болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0