Соодагерлер кампаларга жете албай жатат. Премьер шаар коменданты менен жолукту

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаар коменданты Алмаз Орозалиев менен жолугушуу учурунда
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаар коменданты Алмаз Орозалиев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиевдин айтымында, бүгүнкү күнү азык-түлүк жетиштүү. Күнүмдүк керектөөдөгү продуктулар ташылып келген өлкөлөр менен чек ара ачык, жүк ташыган унаа каражаттары тоскоолдуксуз өтүп жатат.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Айрым дүң соодагерлер кампаларга жете албай, сатыкка чыгаруу үчүн товарларын алып кете албай жатканын айтышууда. Биз чекене саткан дүкөндөргө товарларды убагында жеткирүү үчүн кампаларга барууга уруксат беришибиз керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаар коменданты Алмаз Орозалиев менен жолугушуусунда айтты.

Орозалиев борбор калаадагы учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Өкмөт башчы коменданттык сааттын талаптарына токтолуп, киргизилген тыюулар белгилүү бир оңтойсуздуктарды жаратып жатканын белгиледи.

"Бирок бул убактылуу чектөөлөр жана коопсуздугубуз үчүн зарыл. Өзгөчө абал киргизилген шаарлардын жана райондордун калкы киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, белгиленген эрежерлерди сактап башташты. Комендатуранын жана кээ бир мамлекеттик органдардын ишинде системалуу айрым бир кемчиликтер бар. Аларды мүмкүн болушунча ыкчам четтетүү керек», — деди Абылгазиев.

Премьердин айтымында, борбор калааны азык-түлүк, күнүмдүк керектөө товарлары жана дары-дармектер менен камсыздап жаткан ишкерлер үчүн тоскоолдуктарды тезинен четтетүү зарыл.

Жүк ташыган фура блокпостто турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айдоочулар Бишкекке тоскоолдуксуз кантип кирет. Документтердин тизмеси
«Айрым дүң соодагерлер кампаларга жете албай, сатыкка чыгаруу үчүн товарларын алып кете албай жатканын айтышууда. Биз чекене саткан дүкөндөргө товарларды убагында жеткирүү үчүн кампаларга барууга уруксат беришибиз керек.  Бирок сатуучулардын социалдык жоопкерчилиги бар экендигин да унутпоого тийишпиз. Бааларды көтөрүп же соода түйүндөрүн жөн эле жаап койгон болбойт. Ошондуктан Бишкек комендатурасы мындай фактыларды аныктап, эреже бузгандарды мыйзамга ылайык жазалоого тийиш. Ошону менен бирге, дагы бир ирет белгилей кетсем, бүгүнкү күнү азык-түлүк жетиштүү. Күнүмдүк керектөөдөгү продуктулар ташылып келген өлкөлөр менен чек ара ачык, жүк ташыган унаалар тоскоолдуксуз өтүп жатат», — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр медицина кызматкерлерин бардык зарыл нерселер менен камсыздоо керек экенин баса белгиледи. Ага катар өзгөчө абал режими учурунда мамлекеттик органдардын көпчүлүк кызматкерлери үйдөн иштөөгө өтүү керектигин эскертти. Муну менен катар алар коронавирус инфекциясынын мындан аркы жайылуусуна жол бербөө максатында гигиенаны катуу сактоого милдеттүү.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетти.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0