Ат-Башыга 36 жаштагы жаңы аким дайындалды

Жазылуу
Жаңы дайындалган аким Нурбек Сатаров 36 жашта. Буга чейин ал өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн аппаратында уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысы болуп Нурбек Сатаров дайындалды. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Ат-Башы райондук администрациянын аппарат башчысы Токон уулу Жеңишбек тастыктады.

© Фото / предоставлено Нурбеком СатаровымНарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысы болуп дайындалган Нурбек Сатаров
Ат-Башыга 36 жаштагы жаңы аким дайындалды - Sputnik Кыргызстан
Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысы болуп дайындалган Нурбек Сатаров

Анын айтымында, бүгүн өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов аталган буйрук менен тааныштырган.

Жаңы дайындалган аким Нурбек Сатаров 36 жашта. Буга чейин ал өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн аппаратында уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Эске салсак, аталган районду 2013-жылдан бери Жакыпбек Субакожоев башкарып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0