Президенттин Ырайым кылуу комиссиясына жооптуу катчы дайындалды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЭкс-депутат ЖК Анарбек Калматов
Экс-депутат ЖК Анарбек Калматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Анарбек Калматов буга чейин Кыргызстандын бир катар аймагында прокурор болуп эмгектенген.

БИШКЕК, 16-мар. – Sputnik. Анарбек Калматов Кыргызстандын президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиршти.

Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Анарбек Калматов буга чейин Кыргызстандын бир катар аймагында прокурор болуп эмгектенген. 2010-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Юридика илимдеринин кандидаты жана юстициянын 1-класстагы кеңешчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0