Ленин райондук салык башкармалыгына жаңы жетекчи келди

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүIV Восточный экономический форум. День первый
IV Восточный экономический форум. День первый - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Ленин райондук салык башкармалыгынын Н.Ш. жана С.Р. аттуу кызматкерлери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Ленин райондук салык башкармалыгына Руслан Касымов жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы башчы буга чейин Биринчи май райондук салык башкармалыгын жетектеп келген.

Эске салсак, буга чейин Ленин райондук салык башкармалыгынын Н.Ш. жана С.Р. аттуу кызматкерлери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган. Ал эми жетекчиси "ишенимден кетти" деген жүйө менен кызматтан алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0