Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму башталды. Ага Алмазбек Атамбаев катышууда

© Sputnik / Максат ЭлебесовКой-Таш окуясы боюнча сот отуруму башталды
Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму башталды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлөнгөндөргө расмий түрдө айып тагылган. Тизмеде Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 киши бар.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча биринчи отурумун баштады. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев катышууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Анын айтымында, айыпталуучулар сот залына кирип кетти. Ал эми журналисттерди киргизген жок.

Буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлөнгөндөргө расмий түрдө айып тагылган. Тизмеде Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 киши бар.

Ал эми Башкы прокуратура козголгон кылмыш ишти карап чыгып, сотко жөнөткөн. Көзөмөл органдын маалыматы боюнча, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси боюнча айып тагылды:

  • 39 ("Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу");
  • 355 ("Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу же коркутуу");
  • 337 ("Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук жаратуу");
  • 244 ("Адамдарды барымтага алуу");
  • 264 ("Массалык башаламандык");
  • 130 ("Киши өлтүрүү");
  • 130 жана 39 ("Киши өлтүрүүгө аракет кылуу");
  • 253 ("Курал-жаракты мыйзамсыз айлантуу");
  • 257 ("Ок атуучу курал-жаракты уурдоо");
  • 338 ("Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу күч колдонуу же коркутуу") беренелери.

25-февраль күнү айып актыларынын копиялары күнөөлөнүп жаткан тараптарга тапшырылып, иш Биринчи май райондук сотуна өткөн.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0