Бакиевдин тушунда бир катар кызматта иштеген. Садыр Жапаров тууралуу 11 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековСадыр Жапаровдун портретин кармаган адам. Архив
Садыр Жапаровдун портретин кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Бишкек шаарынын борбордук аянтына экс-депутат, абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп, тарапташтары митингге чыкты. Алардын бийликтен Жапаровду бошотууну талап кылышууда.

Садыр Жапаров тууралуу көпчүлүктө кенен, толук маалымат жок. Жапаров саясат айдыңында кандай жолду басып өтүп, элдин эсинде эмнеси менен калганын Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Дене тарбиячы. Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Су айылында туулган. Орто мектепти 1986-жылы аяктап, Фрунзе шаарындагы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтуна тапшырган. Бир жылдан кийин Советтик Армиянын катарына чакырылып, кызмат өтөп келген. Андан соң кайра окуусун уланткан. Кийин ЖК депутаты болгондо юридикалык билим алган.

Митинг сторонников Садыра Жапарова на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митингин таратуу. Онлайн-репортаж
Дыйкан чарбадан ири ишканаларга чейин башкарган. 2005-жылга чейин Садыр Жапаров бир катар ишканаларды жетектеген. Алгач "Солтонкул" дыйкан чарбасынын жетекчиси, андан кийин "Кергей" нефть компаниясынын директору, 1996-жылы Ысык-Көл облустук ИИМдин атайын ротадагы инспектору болуп иштеген. 1997-жылдан 2001-жылга чейин мунай зат ташыган "Гузель" компаниясынын башкы директору, андан 2005-жылга чейин Балыкчы шаарындагы "Нурнефтегаз" мунай компаниясынын башкы директору кызматтарын аркалаган.

Саясатка карай жол. 2005-жылы Садыр Жапаров парламенттик шайлоого аттанат. Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл" аттуу китебинде жазылгандай, анын шайлоого талапкер болушуна ошол кездеги бийлик каршылык көрсөтүп, Жапаровдун талапкерлиги тизмеден чийилип калган. Буга нааразы болгон жергиликтүү эл Түп — Кеген жолун тосуп салышкан. Тарапташтарынын күчү менен Жапаров кайра талапкер болуп катталып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңеште ал "Келечек" фракциясынын жетекчиси болчу. Бийлик башына Курманбек Бакиев келгенден кийин президенттин кеңешчиси болуп иштеген. Ушул эле бийликтин тушунда Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү, Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары, Коррупцияны алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары болуп эмгектенген. Айрым маалымат каражаттары "Каркыра жайлоосу Казакстанга сатылып кеткен мезгилде Жапаров Коррупцияны алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары болуп иштеп турган. Ага чейин жайлоону коңшу мамлекеттерге бербейбиз деген саясатчы ал мезгилде унчукпай койгон" деп жазып чыгышкан.

© Фото / пресс-служба ЖК КР2005-жылы ЖКга депутат болуп барган Садыр Жапаров экинчи революциядан кийин дагы, 2010-жылы парламентке эл өкүлү болуп шайланган. Бул ирет ал "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык партиясынын тизмесинде эле.
Бакиевдин тушунда бир катар кызматта иштеген. Садыр Жапаров тууралуу 11 факты - Sputnik Кыргызстан
2005-жылы ЖКга депутат болуп барган Садыр Жапаров экинчи революциядан кийин дагы, 2010-жылы парламентке эл өкүлү болуп шайланган. Бул ирет ал "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык партиясынын тизмесинде эле.

Эки ирет ЖК депутаты болгон. 2005-жылы ЖКга депутат болуп барган Садыр Жапаров экинчи революциядан кийин дагы, 2010-жылы парламентке эл өкүлү болуп шайланган. Бул ирет ал "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык партиясынын тизмесинде эле. Парламентте Жапаров соттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин жетекчиси кызматын ээлеген. Бирок депутаттык креслодо көпкө кармалган эмес.

Митинг сторонников Текебаева и Жапарова на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров абактан азыр чыкпайт. ЖАМК себебин түшүндүрдү
Ак үйдүн дарбазасынан секирүүгө аракет кылып. 2012-жылы Жапаров депутат болуп жүргөн учурда кесиптеши, "Ата-Журт" партиясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев жана депутат Талант Мамытов менен "Кумтөр" маселеси боюнча каршылык акциясына чыгышат. Митингде Ташиев баштаган топ Ак үйдүн дарбазасынан секирип түшүүгө аракет кылган. Алардын иши Жогорку сотко өтүп, Ташиев, Жапаров, Мамытов мамлекеттик түзүлүштү кулатуу ниети менен өкмөт үйүн басып алууга аракеттенген деген айып менен 1,5 жылга кесилишкен. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Жапаров чет өлкөгө чыгып кеткен. 2013-жылы ал депутаттык мандатын тапшырган.

Кумтөр маселеси, Саруудагы митинг. 2013-жылы Ысык-Көлдүн Саруу айылында "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу үчүн митинг өтөт. Маалыматтарга ылайык, бул митингди Садыр Жапаров каржылаган. Нааразычылык акциясынын катышуучулары ошол кезде Ысык-Көл облусунун губернатору болуп турган Эмил Каптагаевди баш кылып, бир катар адамды барымтага алышкан. УКМКнын 2017-жылы берген маалыматына караганда, аларды барымтага алуу боюнча Садыр Жапаров телефон аркылуу буйрук берип турган. Бул окуядан улам экс-депутатка Кылмыш-жаза кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренелери (Барымтага алуу, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү, өлтүрөм деп коркутуу, бейбаштык) боюнча айып тагылган. Жапаров чет өлкөгө чыгып кеткенден кийин Европа, Кипр мамлекеттеринде болуп, кийин Россияда жашап жатканын ырастаган эле.

© Sputnik / Расул Усеналиев2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.
Бакиевдин тушунда бир катар кызматта иштеген. Садыр Жапаров тууралуу 11 факты - Sputnik Кыргызстан
2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

Кыргызстанга кайтары менен камалган. Чет жакта төрт жыл жүргөндөн кийин Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтууну чечет. 2017-жылдын 25-марты. Саясатчынын келерин уккан тарапташтары бул күнү кыргыз-казак чек арасына жана Бишкектеги Максим Горький атындагы паркка чогулушкан. Бирок УКМК кызматкерлери аны Казакстандын чек арасынан өтөрү менен кармаган. Ага нааразы болгон тарапташтары "Жапаровго боштондук!" деп кыйкырып, УКМКнын алдына барып ызы-чуу чыгарышкан. Милиция асманга ок атканга чейин барган. Митингге чыккандарды укук коргоочулар таратып, 10го чукул адам колго түшүрүлгөн. 2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Кийин райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Жогорку соттун сот коллегиясы 2018-жылдын июнь айында ишти карап, шаардык соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган болчу.

Камакта жатып кан тамырын кескилеп... Эки айга №1 тергөө абагына камакка алынган экс-депутат Садыр Жапаровдун колунун кан тамырлары кесилгендиги тууралуу маалымат тарайт. Мындан улам абактагы саясатчы ооруканага түшкөн. Кийинчерээк бул боюнча экс-депутат үн катып, мындай кадамга өзү барганын билдирген. Ал "шок абалында болчумун. Бычакты алып өзүмдү сайгылап салдым" деп видеобилдирүү тараткан.

© © SputnikСадыр Жапаров камакка алынгандан кийин атасынын абалы кескин начарлап кеткени айтылган.
Бакиевдин тушунда бир катар кызматта иштеген. Садыр Жапаров тууралуу 11 факты - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров камакка алынгандан кийин атасынын абалы кескин начарлап кеткени айтылган.

Абакта жатып үч жакын адамынан айрылган. Садыр Жапаров камакка алынгандан кийин атасынын абалы кескин начарлап кеткени айтылган. 2017-жылдын сентябрында атасы Мустали уулу Нуркожо көз жумат. Бирок зыйнатына саясатчы бара алган эмес. 2019-жылдын март айында экс-депутаттын апасы Кадича Жапарова каза болот. Саясатчы энесине топурак салууга коё берилген. 2019-жылдын март айынын соңунда Жогорку соттун соттук коллегиясы Жапаровдун адвокаттарынын арызы боюнча кылмыш ишин кайра карап чыгып, анын жаза мөөнөтүн 1,6 жылга кыскарткан. Көп өтпөй, 2019-жылдын августунда Садыр Жапаровдун уулу Дастан Садыр уулу каза болгону кабарланат. Саясатчынын 27 жаштагы уулу мотоцикл менен келе жатып авария болгон. Улуу баласын акыркы сапарга узатууга Жапаров убактылуу коё берилген.

Президенттен ырайым сурап... Абакта жаткан мурдагы депутат Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган. Өлкө башчы жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында бул маселе каралып жатканын айткан.

Үй-бүлөсү. Жубайынын аты — Айгүл. Жубайлардын төрт баласы бар. Жол кырсыгынан көз жумган Дастандан кийин Рустам аттуу уулу Польшадан билим алса, Нурдөөлөт жана Жанайым деген балдары Түркияда окуган деген маалымат бар.

Маалыматтар ачык булактардан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0