Путин: Россия Кыргызстан менен байланышын күчөтүүгө кызыкдар

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРФ башчысы Владимир Путин
РФ башчысы Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти эки мамлекетте ишке ашып жаткан долбоорлорду тизмектеп, Улуу Ата Мекендик согуштун маани-маңызын ачууда Кыргызстандын салымын белгиледи.

МОСКВА, 28-фев. — Sputnik. РФ башчысы Владимир Путин Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылышында сөз сүйлөдү.

Кремль сарайына эки өлкөдөн 6 миңдей адам келген.

“Россияны да, Кыргызстанды да стратегиялык өнөктөштүк менен тилектештик байланыштырып турат. Ал барган сайын өнүгүүдө. Саясий диалогдор жүрүп жатат. Президент Жээнбеков менен байма-бай жолугуп турабыз, бүгүнкү сүйлөшүүлөр да жогорку деңгээлде өттү”, — деди Путин.

РФ лидери кызматташуу ар кыл тармак боюнча ишке ашып жатканына токтолду.

Кыргызстан жана Россиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин эки өлкөнүн кайчылаш жылын расмий ачты - Sputnik Кыргызстан
Кучакташып... Жээнбеков менен Путин кайчылаш жылды салтанаттуу ачты. Сүрөт
“Тоо-кен тармагында, транспорт жана жогорку технологиялар жаатында ири долбоорлор ишке ашып жатат. Россия энергетикалык ресурс менен камсыздаган негизги өнөктөш. Окуу жайларыбызда Кыргызстан үчүн квалификациялуу кадрларды даярдап жатабыз. Россия Кыргызстан менен бардык тармактагы кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгилеп кетким келет”, — деди президент.

Путин, мындан тышкары, Улуу Ата Мекендик согуштун маани-маңызын ачууда Кыргызстандын салымын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0