Жээнбеков Медведев менен жолукту. Ортодо эмне кеп болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Сооронбай Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугушуу учрунда
КР президенти Сооронбай Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугушуу учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР президенти Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын алкагында бир нече жолугушууларды өткөрдү. Эки күндүк сапар 28-февраль күнү аяктайт.

МОСКВА, 27-фев. — Sputnik. КР президенти Сооронбай Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эмне тууралуу сүйлөшкөнү маалым болду.

Жолугушууда тараптар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Анын ичинде аймактык коопсуздук, экстремизм жана терроризмге каршы туруу маселелерин козгошту.

Жээнбеков возложил цветы к Могиле Неизвестного солдата — видео - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Видео
Жээнбеков Кыргызстан коркунучтарга Россия тараптын колдоосу менен бирге каршы турарын белгилеген. Ошондой эле ал Медведевге биргелешкен кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган демилгени колдогонуна ыраазычылыгын билдирди.

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эки өлкөнүн алакасынын бийик деңгээлин баса белгиледи. Ал кыргыз-орус мамилесин бекемдөөгө салымын кошууга даяр экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0