Жээнбековдун Москвада катышчу иш-чаралары айтылды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн кайчылаш жылын өткөрүү Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын учурунда чечилген. Жээнбеков Москвада эки күн болот.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын салтанаттуу ачылышына катышат. Бул ачылыштан тышкары бир катар иш-чараларга да барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковго таянуу менен өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кайчылаш жылдын алкагында эки өлкөдө саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөдө 200дөн ашуун иш-чара пландалган.

"Ачылыш аземи 27-февралда Кремль сарайында өтөт. Ага Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин катышуусу күтүлүүдө. 27-28-март күндөргө белгиленген иш сапарында президент С. Жээнбеков РФ лидери Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Андан сырткары, премьер-министр Михаил Мишустин жана РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугат. Ага катар Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Москванын ВДНХ аймагындагы "Кыргызстан" павильонуна барары күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылын өткөрүү чечими РФ лидери Владимир Путиндин КРге болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0