ММКФтин Бишкектеги башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание депутатов в Жогорку Кенеше
Заседание депутатов в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык башкармалыгына 54 жаштагы киши жетекчи болду. Мурдагы башчысы январь айында пара алды деп кармалган.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) Бишкек шаардык башкармалыгына Артурбек Жуманазаров жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу ММКФтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Продажа лекарств в одной из аптек - Sputnik Кыргызстан
Дарыларды 50 пайыз арзандатуу менен кантип алса болот. Түшүндүрмө
Ал Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун уруксаты менен алты айлык сыноо мөөнөтүнө дайындалды.

Жаңы директор буга чейин Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илим-изилдөө институтунда дарылоо багытын караган директордун орун басары болуп эмгектенген.

ММКФтин мурдагы жетекчиси Болотбек Момбеков 29-январда 143 миң сом (1800 евро) пара алды деп кармалган. Кийин ал үй камагына чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0