Жээнбеков КР ишкерлеринин Кытайга жөнөткөн товарларын тизмектеди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы кыргыз ишкерлери товарын Араб өлкөлөрүнөн тарта Японияга чейин экспорттоп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандык 17 компания Кытайга сүт, бал экспорттоп жатат. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчы Кыргызстан үчүн Кытай чоң рынок экенин айтып, экспорттун көлөмүн кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

"Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин келгенде биздин айыл чарба продукциясын, сүт, эт азыгын Кытай рыногуна чыгаруу тууралуу талкуулаганбыз. Кызматташуунун алкагында жылкы эти, бал жана кургак сүт экспорттоо мүмкүнүчүлүгү ачылды. Кытайдын бирдиктүү реестрине кыргызстандык 13 сүт өндүрүүчү жана 4 бал өндүрүүчү ишкана киргизилди. Ал эми ЕврАзЭСтин бирдиктүү реестрине кирген кыргыз ишканаларынын саны 114кө жетти", — деди Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: биз Борбор Азиядагы эң алдыңкы өлкө болууга максат койгонбуз
Ошондой эле ал экспорттун географиясы да кеңейип жатканына токтолду. Учурда жергиликтүү ишкерлер Бириккен Араб Эмирлиги, Сауд Аравиясы, Катар, Япония сыяктуу мамлекеттерге продукциясын чыгара баштаганын кошумчалады.

Атамекендик продукцияны экспорттоо үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында 19 ветеринардык жана төрт фитосанитардык лаборатория ишке киргизилген.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнүн парламентте ант берүүсүнө катышып, андан кийин трибунага чыгып билдирүү жасады. Мамлекет башчы өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу актуалдуу маселелер боюнча 40 мүнөттөй сүйлөдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0