Жээнбеков: апрель, июнь окуяларынан сабак алышыбыз керек

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаКыргыз Республиканын президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кенештин жыйналышында. Архив
Кыргыз Республиканын президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кенештин жыйналышында. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков эл менен бийликтин ажырымына, улуттар аралык ынтымакты жана өлкөнүн тынчтыгын бузууга жасалган аракеттерге жол берилбей турганын белгиледи.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында сүйлөп жатып апрель, июнь окуяларынан сабак алуу керектигин билдирди.

Мамлекет башчы коррупция менен күрөшүүдө, реформаларды ишке ашырууда бут тосуулар болуп жатканын белгиледи. 

"Өз таасирин сактап калууга аракет кылгандар менин иш-аракетиме көрүнөө да, көмүскө да тоскоолдуктар кылганын билесиздер. Коррупциянын туу чокусунда тургандар ачык эле чабуулга чыкканы белгилүү. Эл аралык коомчулук дагы кооптонуу менен өлкөбүзгө назар салып турду. Кудайга шүгүр, сабырдуулукту сактап, чагымчылдыкка алдырган жокпуз", — деди президент.

Жээнбеков эл менен бийликтин ажырымына, улуттар аралык ынтымакты жана өлкөнүн тынчтыгын бузууга жасалган аракеттерге жол берилбей турганын белгиледи.

"Аксы окуяларынан, Март жана Апрель революциялары сабак болду.  Шейит кеткен баатырлардын элеси ар кандай саясий максаттарга караганда коомдун тынчтыгы, өлкөнүн келечеги алда канча бийик тураарын эстетет. Быйыл Апрель революциясына, каргашалуу Июнь окуяларына 10 жыл болот. Бул трагедиядан терең сабак алып, журттун биримдиги, улуттардын ынтымагы деген жөн эле сөз эмес, адамдардын өмүрү, ден соолугу, жаштардын келечеги экенин көкүрөктө бекем сактап, андан кийин саясатты, башка иштерди ойлонолу", — деди Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: биз Борбор Азиядагы эң алдыңкы өлкө болууга максат койгонбуз
Ошондой эле мамлекет башчы шайлоо жакындаган сайын саясатчылар элдин көңүлүн буруу максатында эски көйгөйлөрдү козгой турганын кошумчалады. 

"Шайлоого ким кандай катышса, өз эрки. Бирок шайлоодон кийинки жашоону, өлкөнүн келечегин унутпайлы. Шайлоону мамлекеттеги тынчтыкка кедерги тийгизбей, инвестициялык климатка залал келтирбей өткөрүүгө милдеттүбүз.  Дагы бир жолу баса белгилеп коеюн, бардык маселе укуктук талаада чечилет", — деди президент.

Белгилей кетсек, бүгүн  Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнүн парламентте ант берүүсүнө катышып, андан кийин трибунага чыгып билдирүү жасады. Президент өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу актуалдуу маселелер боюнча 40 мүнөттөй сүйлөдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0