Кыргызстанда пилотсуз башкарылчу учактар пайда болот. Документке Путин кол койду

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүү10-летие открытия базы ОДКБ в городе Кант в Киргизии
10-летие открытия базы ОДКБ в городе Кант в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөрүүлөр Канттагы базада пилотсуз башкарыла турган россиялык учактарды биргелешип пайдаланууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле ижара шарты дагы каралган.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин ЖККУнун Канттагы аскердик аба базасы боюнча келишимди ратификациялоого жол берген федералдык мыйзамга кол койду. Документ Россиянын укуктук маалымат боюнча расмий порталына жарыяланды. 

Абадагы кол салуудан коргонуучу техника. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы штабдан Канттагы базага орнотулчу аскердик техника боюнча айтып беришти
Ага ылайык, аталган базада пилотсуз башкарыла турган россиялык учактарды биргелешип пайдаланууга шарт түзүлөт.

Буга чейин Башкы штаб Россия президентинин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга болгон сапарында бул макулдашууга толуктоо киргизүү боюнча протоколго кол коюлгандыгын эске салган.

РИА Новости агенттигинин Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун сөзүнө таянып жазганына караганда, бул документ аскер базасы тууралуу 2012-жылдагы келишимге өзгөртүү киргизет. Анын ичинде ижара шарты жана башка уюштуруу иштери боюнча маселелер камтылган.

"Мындан тышкары, протокол учкучу жок учуучу аппараттарды колдонуу боюнча Россия менен Кыргызстандын мыйзамдарындагы дал келбестиктерди жокко чыгарат. Ага катар Россиянын учкучсуз кемелеринин Кыргызстандын аба мейкиндигинде учуу тартиптерин жөнгө салат", — деп айтылат макалада.

Эске салсак, ЖККУнун Канттагы аскер-аба базасы 2003-жылдын 23-октябрынан бери иштеп келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0