Жээнбеков иштен кетүүнү сунуштаган. Мамкурулуштун жетекчиси алмашты

© Фото / пресс-служба Госстроя КРАрхитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев. Архив
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кокочаров ошол эле агенттиктин башчысынын орун басары болуп иштеп келген. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Абдиев иштен өз каалоосу менен кетти. Анын ордуна Урматбек Кокочаров дайындалды. Ал буга чейин Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эске салсак, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик курулуштун башчысы Бактыбек Абдиевге ишин так аткара албаса кызматтан кетүүсү керектигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0