Жээнбеков: ишкерлерди мыйзамсыз текшергендерге чара көргүлө!

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖээнбеков Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаевди, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таировду кабыл алды
Жээнбеков Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаевди, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таировду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы укук коргоо органдары атайын эсепти толтуруу үчүн бири-бири менен атаандашып, ишкерлерге кысым көрсөтүп жатканы боюнча арыз түшкөнүн айтты.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Глава Госстроя Бактыбек Абдиев - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Мамкурулуштун жетекчисине: колуңардан келбесе кеткиле!
Бүгүн, 17-февралда, Жээнбеков Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаевди, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таировду кабыл алды.

Жыйында ушул жылдын 24-январындагы Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин ишке ашырылышы талкууланды.

Ошондой эле президент Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында бизнес өкүлдөрү бир катар маселелерди көтөрүшкөнүнө токтолду.

"Ишкерликти өнүктүрүү үчүн аракеттер көрүлүп жатат дегенибиз менен көйгөйлөр дагы деле айтылууда. Буга тийиштүү органдар тарабынан жүргүзүлгөн негизсиз текшерүүлөр жана кысым көрсөтүүлөр негиз болуп жүрбөсүн. Биз таза иштеген ишкерлерди колдоп, мыйзамсыз текшерүүлөр аныкталса чара көрүү керек", — деди президент.

Мындан тышкары, мамлекет башчы укук коргоо органдары атайын эсепти толтуруу үчүн бири-бири менен атаандашып, ишкерлерге кысым көрсөтүп жатканы боюнча дагы арыз түшкөнүн белгиледи.

Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысына Бирдиктүү депозиттик эсептин максаттуулугу жөнүндө маселени кароо тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0