Өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү болуп Назирбек Бөрүбаев дайындалды

Жазылуу
Бөрүбаев "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик долбоорлоо институтунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы болгон.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп Назирбек Бөрүбаев дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Аталган кызматты буга чейин Каныбек Ботобаев ээлеп келген.

Ал эми Бөрүбаев "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик долбоорлоо институтунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0