Экологияны өзгөчө кырдаалда эле эстейбиз. Боронов токой чарба агенттигин сындады

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевБиринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коллегияда Боронов экология Бишкектин эң эле көйгөйлүү маселеси экенин белгилеп, отургузулган көчөттөр өспөй жатканын айтты.

БИШКЕК,15-фев. —Sputnik. Экология саясаты өзгөчө кырдаалда гана эске келип жатканын Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин коллегиясында айткан. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыйында ал экология Бишкектин эң эле көйгөйлүү маселеси экенин баса белгилеп, отургузулган көчөттөр өспөй жатканына токтолгон. Аткаминер Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы  мамлекеттик агенттигинин ишин сындаган.

"Агенттик инвестиция тартуу үчүн эл аралык уюмдар менен иштешпейт, кызматташуунун жыйынтыгы жок. Бардык иштер агенттиктин деңгээлинде эле чектелүүдө. Экология саясатын өзгөчө кырдаалда гана эстейбиз. Былтыр коллегияда Жашыл климаттык фондунун каражаттарын тартуу боюнча тапшырма берилген. Бирок биздин мамлекет каражатты башка өлкөлөргө караганда аз алууда", — деген Боронов.

Ал аталган мекеменин инвестиция тартуу боюнча эл аралык уюмдар менен тыгыз иштеши керектигин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0