Паспорт ала албай ыйлап жүргөндөр бар! Эл өкүлү Пратованы иштен алууну сунуштады

© Фото / пресс-служба ГРСДиректор департамента регистрации актов гражданского состояния при ГРС Мухабат Пратова
Директор департамента регистрации актов гражданского состояния при ГРС Мухабат Пратова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат 50 жаштагы кишинин эки жылдан бери паспорт департаментинен документин ала албай ыйлап жүргөнүн билдирди.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратованы кызматтан алууну сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, жарандар паспорт алууда мүчүлүштүктөр жаралса, көйгөйү жылдап чечилбей келет.

"Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси бүгүн кетиптир. Ага Пратованы дагы кошуп койсоңор жакшы болмок экен. Себеби Матмусаев Жамалдин деген 50 жаштагы киши кабинетиме келип көзүнө жаш алды. Эки жылдан бери паспорт ала албай мукураптыр. "Кыргызстанда кор болуп жатам" деп ыйлайт. Элди мынчалык кыйнабайлычы. Эгер колунан иш келбесе, кетириш керек. Эмне үчүн анын маселеси чечилбей жатат? Олуттуу болсо ачык айтып түшүндүрүүлөрү керек эле. Карасам, бардык документи туура экен. Пратова менен өзүм да беш жолу сүйлөштүм, натыйжа жок", — деди Нышанов.

Директор Государственного учреждения Унаа при ГРС КР Алымжан Козубаев - Sputnik Кыргызстан
"Унаанын" директору Алымжан Козубаев кызматынан бошотулду
Белгилей кетсек, буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине Сүйөркул Досоев аттуу жаран кайрылып, дал ушундай көйгөйүн айткан. Ал Москвадагы жумушунан эмгек өргүү алып, мөөнөтү бүткөн паспортун алмаштыруу үчүн Бишкекке келген. Бирок кызматкердин 10 жыл мурда кетирген катасынан улам үч-төрт айдан бери паспорт ала албай убара болуп жүргөн.

Бүгүн, 13-февралда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов менен "Унаа" ишканасынын директору Алымжан Козубаевди жумуштан бошотту.

Жаңылыктар түрмөгү
0