Мамкаттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов иштен алынды

© Sputnik / Асель СыдыковаПредседатель ГРС КР Алмаз Мамбетов
Председатель ГРС КР Алмаз Мамбетов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматын жетектей баштаганына бир жыл боло элек болчу. Ал 2019-жылдын апрель айында башчы болуп дайындалган.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов иштен бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бирок жетекчинин кызматтан кетишинин себебин айтышкан жок.

Унаанын директору Козубаев кызматтан алынабы? Абылгазиевдин жообу видеодо - Sputnik Кыргызстан
"Унаанын" директору Козубаев кызматтан алынабы? Абылгазиевдин жообу видеодо
Эске салсак, жакында эле ведомствонун алдындагы "Унаа" ишканасына байланыштуу чуу чыккан. Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу жыйын өткөрүп, "Унаа" мекемесинин ишмердүүлүгүн караган. Жумушчу топтун отурумунун жыйынтыгында, мекеменин коррупцияны жоюу боюнча иш-аракети канааттандырарлык эмес деп табылып, өкмөткө жетекчиси Алымжан Козубаевди иштен алуу сунушталган.

Белгилей кетсек, Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматын жетектей баштаганына бир жыл боло элек болчу. Ал 2019-жылдын апрель айында мурдагы жетекчиси Алина Шаикова өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан кеткенден кийин башчы болуп дайындалган

Жаңылыктар түрмөгү
0