БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда дагы деле бир багыттагы аракет болбой, чаржайыттык байкалууда. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында айтты.
Жээнбеков сүйлөп жатып өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнүн ишине, прокуратуранын ролуна токтолду. Жергиликтүү бийлик инвестиция тартууда өзүнүн ролун толук сезбей, байкоочунун позициясын ээлеп калган учурлар болуп калган деген пикирин айтты.
"Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен тыгыз иштебегендиктен, түшүндүрүү иштери жетишерлик деңгээлде жүрбөгөндүктөн, ошол аймактын өнүгүүсүнө зарыл болгон инвестициялык долбоорлор үзгүлтүккө учурап калган учурлар бар", — деди ал.
Президент алардан инвесторлорду тартуу жана шарт түзүп берүү талап кылынарын белгиледи.
"Прокуратуранын ролу да өтө маанилүү. Прокуратурага текшерүү үчүн уруксат берүү функциясы жөн жерден кайтарылып берилген эмес. Бул орган мыйзамдарды толук сактоону камсыздоо гана эмес, тигил же бул текшерүүлөрдүн негиздүүлүгүн да баалап турат деген үмүт болгон", — деди Жээнбеков.
Мамлекет башчы, тилекке каршы, бул иш формалдуу түрдө уруксат берүү менен гана чектелип калгандыгын белгиледи.