Боронов комитеттеги кызматынан бошотулду

Жазылуу
Өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитет президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан түзүлгөн. Бүгүн анын экинчи жыйыны өтүп жатат.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин төрага орун басары болуп Кубатбек Бороновдун ордуна вице-премьер Эркин Асрандиев дайындалды. Бул тууралуу комитеттин экинчи жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Эскерте кетсек, комитеттин төрагасы — өлкө башчы. Анын эки орун басары бар. Бири мамлекеттик органдан болсо, экинчиси бизнес өкүлү.

"Жарлыгыма ылайык, төраганын орун басары болуп вице-премьер Эркин Асрандиев дайындалды. Ага чейин бул кызматты Кубатбек Боронов ээлеп келген", — деди президент.

Жээнбековдун айтымында, бизнес-акыйкатчы институтунун түзүлүшү менен Робин Орд-Смит да комитетке кирген.

Айта кетчү жагдай, Асрандиев өткөн жумада экономика тармагын тескей турган вице-премьер болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0