Тышкы иштер министрине жаңы орун басар дайындалды

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСТышкы иштер министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалган Нуржан Бардинова. Архив
Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалган Нуржан Бардинова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Нуржан Бардинова Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин статс-катчысы болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Шейшемби күнү, 11-февралда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы болуп Нуржан Бардинова дайындалды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Аны тышкы саясат ведомствосунун жамаатына тааныштырышты.

Буга чейин Нуржан Бардинова Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин статс-катчысы болуп иштеп келген.

Мыйзам боюнча статс-катчы макамы ведомство жетекчисинин биринчи орун басары менен барабар.

Жаңылыктар түрмөгү
0