Жээнбеков менен Эрдоган телефондон Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан менен Түркиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Кыргызстан менен Түркиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчылар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана буга чейин жетишилген макулдашуулар ишке кантип ашып жатканын сүйлөшкөн.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Түркиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Мамлекет башчылар эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелерди өнүктүрүү боюнча үстүбүздөгү жылга карата биргелешкен пландарды белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Эки президент Түркияда 2020-жылы боло турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарын өткөрүү боюнча даярдык маселелерин талкуулашкан.

Эске салсак, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары Кыргызстанда үч ирет өткөн. Соңку ирет 2018-жылдын 2-8-сентябрында Ысык-Көлдө III жолкусу уюштурулуп, кийинкисин өткөрүү милдетин Түркия алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0