Жээнбеков Асрандиев жана Аскаровду жаңы кызматка дайындады

Жазылуу
Экөөнүн тең талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп берген. Эл өкүлдөрүнө аларды премьер-министр сунуштаган болчу.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Эркин Асрандиев менен Замирбек Аскаровду жаңы кызматтарга дайындоо боюнча Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, буга чейин Россия-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келген Асрандиев өкмөттүн экономика тармагын тескеген вице-премьер болсо, вицеликти аркалаган Аскаров өзгөчө кырдаалдар министри болду.

Эскерте кетсек, экөөнүн талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштап, 5-февраль күнү Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0