16:38 20 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.0444
  • EUR93.7348
  • RUB1.0535
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
771 0 0

АКШ Мамдепартаментинин жетекчиси Майкл Помпео Нур-Султан менен Ташкентке келип, С5-1 (АКШ жана Борбордук Азия өлкөлөрү) форматында өткөн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты.

Сапардын маани-маңызы тууралуу Евразия аналитикалык клубунун башчысы Никита Мендкович ой калчады.

Бул сапар январдын башына пландалган, бирок Вашингтон Иран менен түзүлгөн мамилесинен жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан улам аны жылдырууга аргасыз болгон. Казакстан менен Өзбекстанга барган учурда Помпео аталган республикаларга жасалган мамиле өтө жогорку деңгээлде экенин баса белгилөөгө аракет кылды. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевди "АКШнын эски досу" деп, "эки өлкөнүн алакасына" кошкон жеке салымын айтып өттү. Ташкентте Помпео экономикалык реформаларга жогорку баасын берип, "Афганистан менен байланышты күчөтүүгө" жана "капиталды өнүктүрүүгө" 2 миллион доллар жардам берилерин убадалады. Бул айтылгандардын артында эмне турат? Кеп мына ушунда.

Атаандаштар менен күрөш

Эксперттердин баамында Помпео Россия менен Кытайдан орун талашууда. Казакстанда уйгурлардын маселесине басым жасап, Нур-Султандын айрым эмигранттарды Кытайга кайтаруудан баш тартканын колдоого алып, мындай аракет кийин да уланарына ишеним артты.

Вашингтон биринчи кезекте Синьцзян көйгөйүн Нур-Султан менен Пекиндин мамилесине доо кетирүү үчүн пайдаланууга умтулуп жатат. Экинчиден, америкалык тарап Кытай мигранттарынын Алматыдагы диаспорасынын кеңейишине кызыкдар. Бул адамдарды АКШ Кытайдын кызыкчылыгына каршы коюп, өз максаты үчүн пайдаланмакчы. Аймакта "Атажурт Ериктирели" деп аталган бейөкмөт уюму иштейт. Аны Мамлекеттик департамент каттоодон өткөрүү үчүн кыйла убакыт сарптаган. Уюм эмигранттар менен иштеп, кытай пропагандасына каршы аракеттерди көрөт. АКШ тарабынан каржыланып диаспора менен иштеген дагы бир нече уюм бар.

Помпео АКШ Кытай менен ишке ашпай калган келишимдердин ордун толтуруп берүүгө да даяр экенин кыйытып, Казакстанга пайдалуу инвестициялык долбоорлорду сунуштады. Акыркысы күмөндүү, анткени Дональд Трамптын администрациясынын негизги иши АКШдагы өнөр жайга багытталган, мындан улам Трамптын мындай дипломатиялык келишим үчүн беттегенинен кайтып кетиши арсар.

ЖМКлардын жазганына караганда, Ташкентке барган Помпео Өзбекстандын байкоочу катары ЕАЭБ менен мамилесин чектөө боюнча маселени кабыргасынан койду. Андан сырткары, Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуудан мурда жети өлчөп бир кесүүгө чакырды. Акыркы сунушу коркуткандай эле болуптур. Эгер Ташкент аталган уюмга мүчө болуп, Москва жана евразиялык долбоор менен жакындаша турган болсо, АКШ бир топ эле көйгөй жаратып койчудай.

Айтор, Помпео АКШ Борбордук Азия чөлкөмүндө экспансиясын улантып, Кытай, Россия, Иран сыяктуу тышкы оюнчулар менен каршылашуудан баш тартпай турганын ачыктады.

Аскерий аспектиси да бар

Жалпы жонунан алып караганда аймактын экономикасына АКШнын башы деле оорубайт. Буга өлкөнүн ыраактыгы, Ак үйдүн экономикалык идеологиясы себеп. Инвестициялык долбоорлору саясатта жана аскерий жааттагы маселелерди чечүүнүн куралы гана болуп берери бышык.

АКШнын аталган регионго кызыкчылыгынын жоголушу же өсүшүн Афганистандагы кырдаал аныктайт. Быйыл, айрым маалыматтар боюнча, февралда Вашингтон менен Талибандын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлуп, аскерди аймактан чыгаруу процесси башталышы мүмкүн. Кырдаал татаалдашып кетчүдөй. Расмий Кабул согуштан улам алсырап калды, мындан улам айрым бөлүктөрдү ыкчам эвакуациялоо талап кылынышы толук ыктымал.

Мындай жагдайда НАТОго аскерлерди чыгаруу үчүн жана талибдер менен сүйлөшүлүп, базаларды калтырууга мүмкүн болуп калса, аларды жабдып туруу үчүн маршрут керек болот. АКШ үчүн Казакстандагы Каспий деңизинин чыгыш жээгинен баштап Афганистандын Мазари-Шарифине чейинки түндүк тараптагы темир жол маршруту, ошондой эле Казакстан менен Өзбекстандагы токтоочу базалары өтө маанилүү. Ушул макулдашууларды сактап калуу — Помпеонун башкы максаты.

Мындан тышкары, Вашингтон бул транзиттик хабдарды туруктуу аскер базаларына айландыруу сунушун да киргизиши мүмкүн эле. Акыркы убакта АКШ Сириянын аймагынан эле бир нече объектини чыгарып кетти. Ирактын парламенти да чет элдик аскерлерди чыгарууну талап кылып жатат, Түркия менен көйгөй жаралууда. Афган инфраструктурасынан ажыроо тобокелчилиги Пентагонду Орто жана Жакынкы Чыгышта сокку уруучу бөлүктөрдү жайгаштыра турган жер издөөгө аргасыз кылып келет.

Эгер бал аймактарда аскердик базалардын тийгизген терс таасирин эске алсак, мындай сунуштар Казакстан менен Өзбекстанга жагаар-жакпасы өзүнчө сөз. Алар финансылык ресурска, кайтарымсыз түрдө берилген курал-жаракка, террорчулукка каршы иш жүргүзгөн мекемелердин маалымат алмашуусуна кызыкдар. Бирок бул эки өлкө күмөндүү сунуштарга азгырылып, Россия жана Кытай менен мамилесин буза койбосо керек.

Кадыр-баркты сактоо

Помпео С5+1 жолугушуусун 2019-жылы мамилесин бузуп алган мамлекеттер менен алаканы оңдоо үчүн пайдаланганы айкын. Бул жерде кеп биринчи кезекте Кыргызстан тууралуу болууда. Анткени Бишкек былтыр жазында гуманитардык кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюудан баш тартып, ушу күндө чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө тууралуу жаңы майзамды талкуулап жатат. Республика АКШнын USAID агенттиги менен байланышкан бир катар долбоорлор үчүн башкы база экенин эске алсак, көзөмөлдүн катуулашы Вашингтондун тынчын алышы керек. Ал эми декабрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен АКШ Конгрессинин ортосунда сөз эркиндиги боюнча пикир келишпестик жаралган, январда болсо Кыргызстан иммиграциялык визанын берилиши чектелген мамлекеттердин катарына кирди

Эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин бузулушуна чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдардын 2019-жылдын августунда Бишкектин жака-белиндеги кагылышууларга катышканы бирден-бир себеп болду. Бул иш боюнча жакында эле бейөкмөт секторунун белгилүү активисти Равшан Жээнбеков камакка алынган. Бийлик аны башаламандык уюштурган жана адамдарды барымтага алган деп күнөөлөөдө.

Республикалык бир катар ЖМКлар Жээнбеков жайкы окуяга чейин АКШнын National endowment for Democracy уюмунун өкүлдөрү менен жолугуп, бийликке каршы аракеттерде бейөкмөт уюмдардын башын бириктирүүнү, атургай түзүлчү өкмөттүн курамын талкуулаганын жазышты. Айрым авторлор августтагы кагылышууну уюштурду деп АКШны күнөөлөп жиберген.

Казакстандагы оппозициянын аракеттерине келели. Журналисттер анын лидерлери менен да NED уюмунун кызматкерлери сүйлөшкөнүн аныктап чыгышты. Мунун баарын эске ала турган болсок, АКШ жана аны менен кызматташкан БӨУнун имиджин оңдоо аракеттери өтө актуалдуу. Туура эмес ташталган кадам АКШнын региондо колдонгон "жумшак күчүн" бир топ алсыратып коёт.

Помпеонун сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын өкүлү С5-1 алкагында экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты. Бул эгер америкалык инвестиция өлкө экономикасына келе турган болсо, Бишкек былтыркы кризисти, NED уюмуна болгон нааразычылыгын унуткарып коюуга даяр дегенди билдирет.

Ушундай болгон күндө да Помпеонун сапары стратегиялык жактан ийгиликтүү болду деп айтуу кыйын. АКШ алдындагы тоскоолдуктарга карабай болгон аймактагы мамлекеттер менен кызматташуунун азыркы деңгээлин сактап, диалогду улантууга мүмкүнчүлүк алды.

Автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.

Тема боюнча

АКШ мамкатчысы Ташкентте ТИМ башчылары менен жолугат. Эмне маселе көтөрүлөт?
Белгилер:
инвестициялар, экономика, сапар, Кызматташуу, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Россия, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ