ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович президент Жээнбеков менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда, бул кызматта иштеп баштагандан бери Кыргызстанга өзүнүн алгачкы расмий сапары менен келген Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда, бул кызматта иштеп баштагандан бери Кыргызстанга өзүнүн алгачкы расмий сапары менен келген Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Михаил Мясникович евразиялык интеграцияны мындан ары да тереңдетүүгө алгылыктуу салым кошоруна ишенерин белгиледи.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда, бул кызматта иштеп баштагандан бери Кыргызстанга өзүнүн алгачкы расмий сапары менен келген Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда, бул кызматта иштеп баштагандан бери Кыргызстанга өзүнүн алгачкы расмий сапары менен келген Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды
ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович президент Жээнбеков менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда, бул кызматта иштеп баштагандан бери Кыргызстанга өзүнүн алгачкы расмий сапары менен келген Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды

Мамлекет башчы Михаил Мясниковичти ЕЭК коллегиясынын төрагалык кызматына киришкендиги менен куттуктап, комиссия анын жетекчилиги астында ЕАЭБдин тандап алган экономикалык багытын улантарына ишенимин билдирген.

"Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ Кыргызстандын тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берерин баса белгиледи. Ошондой эле биримдиктеги өлкөлөр менен мындан ары да натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууга, ошондой эле евразиялык аймакта интеграциялык процесстерди кеңейтүүгө даярдыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жолугушуу үчүн мамлекет башчыга ыраазычылык билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0