Вице-премьер Аcкаров кызматынан төмөндөп, ӨКМге барат

Жазылуу
Вице-премьерлик кызматка Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев көрсөтүлүп жатат.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдар министри кызматына вице-премьер Замирбек Аскаровдун талапкерлигин сунуштады.

Глава ОсОО КТ Мобайл Мирлан Кубаталиев - Sputnik Кыргызстан
"КТ Мобайл" компаниясынын директору кайрадан алмашты
Анын талапкерлигин бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап жактырды.

Ал эми Аскаровдун ордуна Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев көрсөтүлүп, аны да ЖК комитети колдооду.

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0