Кыргыз ТИМ жетекчиси менен АКШнын мамкатчысы визалык тыюу салууну талкуулады

© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушуу учурунда
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биометрикалык паспорттор киргизиле элек 80ден ашык өлкөнүн ичинен Кыргызстанга карата гана чектөөлөр киргизилгендигине кыргыз тарап таң калуусун билдирди.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Ташкент шаарында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен КР жарандарына карата АКШ тарабынан киргизилген визалык чектөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулады. Бул туурасында Кыргызстандын тышкы саясат боюнча ведомствосунан кабарлашты.

"Америкалык тараптын жогоруда айтылган чечими түздөн-түз Кыргызстан жарандарынын кызыкчылыгын козгоп жаткандыгын министр Айдарбеков дагы бир ирет баса белгиледи", – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Дональд Трамп алты өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган чечим кабыл алган. Тизмеде кыргызстандыктар да бар. 

Нью-Йорктогу Эркиндик айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баарына тиешелүү эмес! Элчилик АКШга кирүүгө коюлган чектөөгө түшүндүрмө берди
АКШнын виза берүүнү чектеши боюнча ТИМ билдирүү таратып, Кыргызстандын кызыкчылыгын четке каккан АКШ администрациясынын чечимин өкүнүү менен кабыл алганын билдирген. 

"Биометрикалык паспорттор киргизиле элек 80ден ашык өлкөнүн ичинен Кыргызстанга карата гана чектөөлөр киргизилгендигине кыргыз тарап таң калуусун билдирди. Бул Кыргызстанда ийгиликтүү өнүгүп жаткан парламенттик демократияны, сөз эркиндигин өнөктөш катары колдоо түшүнүгүнө туура келбейт", - деп айтылат маалыматта.

АКШ мамкатчысы менен жолугуп жатканда министр Айдарбеков Кыргызстан эл аралык коопсуздукту камсыздоо боюнча процесстердин активдүү катышуучусу болуп саналарын, терроризм менен күрөшүүгө өзүнүн өзгөчө салымын кошуп келгендигин жана кошуп жаткандыгын баса белгилеген.

"Бул багытта тыгыз иштешүүнү күчөтүү жана түзүлгөн абалды чечүүнүн жолдорун издөө жөнүндө сүйлөшүүлөр болду. Тараптар эки жана көп тараптуу форматтагы кыргыз-америка мамилелеринин бардык комплексин өнүктүрүү маанилүүлүгүн баса белгилешти", - деп   айтылат маалыматта.

Трамп бул өлкөлөрдүн жарандарынын АКШга кирүүсүн чектеген себеби тууралуу Sputnik Кыргызстандын макаласынан окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0