АКШ мамкатчысы Ташкентте ТИМ башчылары менен жолугат. Эмне маселе көтөрүлөт?

© REUTERS / Andrew Harnik / PoolВизит государственного секретаря США Майк Помпео в Кабул
Визит государственного секретаря США Майк Помпео в Кабул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"С5 + 1" форматында министрлердин кезектеги жолугушуусу 3-февралда өтөт. Ага Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков да катышат.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Эртең, 3-февралда, Ташкент шаарында "С5 + 1" форматында министрлердин кезектеги жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги аталган өлкөнүн ТИМине шилтеме кылып жазып чыкты. 

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу - Sputnik Кыргызстан
АКШга кирүүгө тыюу салуу. Тышкы иштер министрлигине элчи Лу чакыртылды
Ага беш мамлекеттин тышкы иштер министрлери катышат: Казакстан — Мухтар Тлеуберди, Кыргызстан — Чыңгыз Айдарбеков, Тажикстан — Сироджидин Мухриддин, Түркмөнстан — Рашид  Мередов, Өзбекстан — Абдулазиз Камилов. Алар менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жолугат.

Анда ТИМ башчылары Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы өз ара кызматташуусунун орчундуу маселелерин талкуулоо күтүлүүдө.

Ошондой эле Помпео расмий сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев менен да кезигет.

Ал эми Дональд Трамп 31-январда алты өлкөнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө чектөө киргизүү чечимин кабыл алган. Тизмеде кыргызстандыктар да бар болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0