Абылгазиев Алматыда ЕАЭБдин кеңешине катышып жатат. Каралчу маселелер

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жыйында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички рыногун жөнгө салууга багытталган 14 маселенин талкуулана турганы айтылды.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышып жатат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйында 14 маселе талкуулана турганы айтылат.

ЕАЭБ эркин соода аймагын кеңейтүүдө. Видео - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ эркин соода аймагын кеңейтүүдө. Видео
Анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүгө, мурда берилген тапшырмаларды аткарууга, санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын калыптандырууга багытталган маселелер бар. Ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу келишиминин үстүндө иштөө, эл аралык эрежелерди жана тажрыйбаларды эске алуу менен атайын коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин жакшыртуу иштери каралмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0