Жээнбеков коррупцияга каршы саясаттын жаңы стратегиясын иштеп чыгууну тапшырды

Жазылуу
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президенттин катышуусу менен өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйыны соңуна чыкты.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешине коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик жаңы стратегиясын иштеп чыгууну тапшырды.

Анын айтымында, азыркы стратегиянын түзүлгөнүнө сегиз жыл болду. Андан бери мыйзам ченемдери бир топ өзгөрүп, жаңы кооптуулуктар пайда болууда.

"Мамлекеттик органдар коррупциялык иштерге бөгөт коё турган мыйзамдарды сунуштап, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп чыгышы шарт", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин кийинки жыйынында саламаттыкты сактоо маселеси караларын айтты. Ал сөзүн жыйынтыктап жатып мамлекеттик кызматкерлерди өз ишине жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0