Качып кутулам деп ойлобогула! Жээнбеков президенттигинин негизги багытын атады

© Sputnik / Табылды КадырбековБольшая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова
Большая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент эгер мамлекеттик органдар санариптештирүү саясатын колго албаса, өтө катуу чара колдонуларын билдирди.

БИШКЕК, 24-янв. – Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң негизги багыты өлкөнү санариптештирүү экенин билдирди.

Жыйында мамлекеттик органдардын баары "Түндүк" электрондук системасы аркылуу маалымат алмашпай жатканы талкууланды. Президент эгер маморгандар санариптештирүүгө багытталган иштерди жакшыртпаса, өтө катуу чара колдонуларын билдирди.

"Технологиялар алмашууда, биз болсо айрым аткаминерлердин айынан жөнөкөй бир нерсени иштете албай жатабыз. Санариптештирүү саясатына бут тосуу жана саботаж жасоо — бул өлкөнүн келечегине кыянаттык кылуу. Өлкөнү санариптештирүү — менин президенттик ишмердүүлүгүмдүн негизи маңызы. Ар бири жоопкерчиликкте тартылат, жада калса айыл өкмөтү. Жоопкерчиликтен качып кутулам деп ойлобогула", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы коррупция менен күрөшүүдө санариптештирүү маанилүү экенин кошумчалады. Кыргызстан санариптешип жаткан дүйнөдөн артта калбашы керектигин айтып, муну ар бир аткаминер түшүнүшү шарт экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0