Жалал-Абад облусуна жаңы прокурор дайындалды

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүПортфель менен аткаминер. Архив
Портфель менен аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ибраим уулу Уланбек прокурордун милдетин аткаруучу болуп келген. Ага чейин орун басарлыкты аркалаганы маалым.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун прокурору болуп Уланбек Ибраим уулу дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратура билдирди.

© Фото / ГП КРИбраим уулу Уланбек, Жалал-Абад облусунун прокурору
Жалал-Абад облусуна жаңы прокурор дайындалды - Sputnik Кыргызстан
Ибраим уулу Уланбек, Жалал-Абад облусунун прокурору

Маалыматка ылайык, Ибраим уулу мурунку прокурор Айбек Турганбаев кызматтан четтетилгенден кийин 2019-жылдын августунан бери облус прокурорунун милдетин аткарып турган.

Ага чейин Уланбек Ибраим уулу мурда аталган облустун прокурорунун орун басары кызматын аркалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0