Жээнбеков Афганистандын элчиси менен коштошту

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Президент Сооронбай Жээнбеков Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды
 Президент Сооронбай Жээнбеков Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломаттын Кыргызстандагы иштөө мөөнөтү соңуна чыкты. Ал бул кызматта 2017-жылдын 15-мартынан тарта эмгектенип келген.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМохаммад Исса Месбах Кыргызстанда элчилик кызматты 2017-жылдын 15-мартынан тарта аркалап келген
Жээнбеков Афганистандын элчиси менен коштошту - Sputnik Кыргызстан
Мохаммад Исса Месбах Кыргызстанда элчилик кызматты 2017-жылдын 15-мартынан тарта аркалап келген

Жолугушууда кыргыз-афган алакасынын абалы талкууланып, кызматташууну бекемдөө маселеси айтылды. Мамлекет башчысы Афганистан менен мамиле өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, алаканы арттырууга кошкон салымы үчүн дипломатка ыраазычылык билдирди.

"Өлкө башчы Афганистандын президенти Ашраф Ганинин былтыр Кыргызстанда өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Бишкекте өткөн саммитине катышуу үчүн жасаган ийгиликтүү иш сапарына жана тышкы иштер министри Салахуддин Раббанинин расмий визитине да өзгөчө токтолду", — деп айтылат маалыматта.

Жээнбеков элчинин мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, эки өлкөнүн алакасы өнүгө берерине ишенимин артты.

Белгилей кетсек, Мохаммад Исса Месбах Кыргызстанда элчилик кызматты 2017-жылдын 15-мартынан тарта аркалап келген.

Баса, Sputnik агенттиги элчи Мохаммад Исса Месбах менен маек куруп, Памир кыргыздары тууралуу баарлашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0