Кыргызстандын соттору кантип жазаланат? Жогорку соттун маалыматы

Жазылуу
Өткөн жылы Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына 863 кайрылуу түшкөн. Арыздардын баары каралып, анын жыйынтыгы менен бир нече сот өз жазасын алган.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен 50 судья жазалангандыгын Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, өткөн жылы Жогорку соттун алдындагы тартип комиссиясына 863 кайрылуу түшкөн.

Алардын ичинен комиссиянын чечими менен 456 кайрылуу кайра кайтарылган. 167 арыз боюнча тартип жоопкерчилигине тартуудан баш тартылган. Мындан тышкары, 52синен тартиптик жаза алып салынган;

Белгиленгендей, 50 арызды кароонун жыйынтыгы менен төмөнкүдөй жазалар каралган:

  • Эскертүү алгандар — 32;
  • Кызматы боюнча сын айтылгандар — 11;
  • Сөгүш алгандар — 5;
  • Ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн эрте бошотулгандар — 2;
  • Кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилгендер — 3.

Учурда 135 арыз кароодо турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0