Абылгазиев РФтин Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Медведев менен сүйлөштү

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Россиянын мурунку өкмөт башчысы Дмитрий Медведев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Россиянын мурунку өкмөт башчысы Дмитрий Медведев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дмитрий Медведев 16-январь күнү Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Ага чейин өкмөттү жетектеп келгени маалым.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын мурунку өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, биргелешкен үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Финал конкурса управленцев Лидеры России в Сочи. День второй - Sputnik Кыргызстан
Путин премьерликке сунуштаган талапкер. Михаил Мишустин жөнүндө эмне белгилүү
Белгилей кетсек, президент Владимир Путиндин жүргүзө турган конституциялык реформасынан улам Медведев өкмөт толугу менен отставкага кетерин жар салган. Андан соң Путин экс-премьерди Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары кызматына дайындаган. Ал эми Медведевдин ордуна Михаил Мишустин келди.

Абылгазиев сүйлөшүү учурунда Медведевдин Кыргызстан-Россия мамилесин өнүктүрүүгө жана ар кыл тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошкон жеке салымын баса белгиледи.

"Өкмөт башчы Евразия интеграциясы идеясын илгерилетүү боюнча бирге жүргүзүлгөн конструктивдүү иштерге өзгөчө көңүл бурду. Ал Кыргызстанда Дмитрий Медведевдин стратегиялык өнөктөштүктү жана өлкөлөр аралык шериктештикти бекемдөөдөгү жеке салымы жогору баалана турганын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Абылгазиев достук диалогду жана конструктивдүү иштерди улантууга даярдыкты ырастап, Медведевдин чечкиндүүлүгү, кыраакылыгы жана топтогон тажрыйбасы мындан ары да Россияны өнүктүрүү жана чыңдоого, ошондой эле Кыргыз-Россия кызматташтыгын тереңдетүүгө кызмат өтөрүнө ишеним артты.

Мындан тышкары, сүйлөшүү учурунда Кыргыз-Россия алакасынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0