Эмомали Рахмон Тажикстандын Кыргызстандагы элчисин алмаштырды

© Фото / пресс-служба ЖКПосол Таджикистана в Кыргызстане Сухроб Олимзода
Посол Таджикистана в Кыргызстане Сухроб Олимзода - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга элчи болуп келе турган Ализода Тажикстандын Казакстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жаткан.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзоданын кызматтан кеткени тууралуу тажик президентинин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү Жарлыкка президент Эмомали Рахмон кол койгон. Ага ылайык, Олимзода Тажикстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулуп, анын ордуна Назирмад Ализода дайындалды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү
Буга чейин Ализода Тажикстандын Казакстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жаткан.

Элчи кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялардын фонунда иштен алынды.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-январына караган түнү чек арага жакын аймактарда тажикстандыктар эки кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып талкаланган. Бир турак жайга да таш ыргытышкан. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиционерлерге тажик тарап ок чыгарганы айтылган.

Буга байланыштуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын КРдеги элчисин чакырып, нааразычылык нотасын тапшырган.

Кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0