Сооронбай Жээнбеков чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчыга кыргыз-тажик чек арасында коопсуздукту камсыздоо боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбековго чек арада чыр-чатактардын алдын алуу, анын ичинде Баткен облусунун кыргыз-тажик бөлүгүндөгү аймактын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берилген.

"Президент коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү күчөтүү, чек арага жакын жашаган тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгын эскертти. Ошондой эле эки жакта тең чагымчыл аракеттерди болтурбоо үчүн чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча иштер тажик тарап менен биргеликте жүргүзүлүшү керектигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Вице-премьер Жеңиш Разаков тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өзү баштаган Кыргызстандын делегациясы даяр экендигин билдирген. Жолугушуу эртең, 14-январда, чек ара аймагында өтөт.

Сотрудники правоохранительных органов охраняют порядок на на границе Кыргызстана и Таджикистана в местности Жака-Орук - Sputnik Кыргызстан
Түн тынч өттү. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал. Сүрөттөр
Кеңешмеге КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев катышты.

Эскерте кетсек, 10-январга караган түнү чек арага жакын аймактарда тажикстандыктар эки кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып талкаланган. Бир турак жайга да таш ыргытышкан.

Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын КРдеги элчисин чакырып, нааразычылык нотасын тапшырган.

Кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0