ЭлТРдин жетекчиси Мусаев иштен кетип, ордуна ОшТВнын башчысы келди

Жазылуу
ЭлТРдин жаңы жетекчиси 2014-жылдын июль айынан бери "ОшТВ" телеканалын жетектеп келген. Тийиштүү буйрукка Абылгазиев кол койду.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. ЭлТР каналынын жетекчиси Айбек Мусаев берген арызына ылайык кызматынан кетти. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мусаевдин ордуна Керимбек Калыкулов ЭлТРдин директору болуп дайындалды. Ал 2014-жылдын июль айынан бери "ОшТВ" телеканалын жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0