Маданият министрлиги драмалык чыгармаларга сынак жарыялады

Жазылуу
Аталган сынакка 315 000 сом каралган. Тандалып алынган чыгармалар министрликтин менчигине өтүп, 2020-жылы республиканын мамлекеттик театрларына сахналаштыруу үчүн жиберилмекчи.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата драмалардын республикалык сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Сынактын максаты — замандын курч көйгөйлөрүн камтыган жаңы образдарды жаратуу, турмуш чындыгын драма, трагедия жана комедия аркылуу чагылдыруу болмокчу. Билдирмеде кыргыздын чыгаан эр азаматтарын даңазалап, улуттук драматургиянын өнүгүүсүнө шарт түзүү сынактын бирден-бир милдети экени айтылган.

Талаптары:

  • драмалык чыгармалар толук жазылып бүтүшү керек;
  • драманын тематикасына чек коюлбайт;
  • мурда жазылган жана театрларда коюлган, сынактарга катышкан пьесалар кабыл алынбайт;
  • чоңдор жана жаш драматургдардын чыгармалары эки багытта бөлүнүп каралат. Улуу муундагы драматургдардын улуту жана кесиби боюнча чектөөлөр коюлбайт. Жаш калемгерлер 35 жашка чейин болушу керек;
  • бир эле автор бир нече пьесалары менен катыша алат;
  • пьесалар мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат;
  • сынакка жиберилген драмалар 21 беттен кем болбошу зарыл.

Жилой корпус Учебно-тренировочного Центра Новогорск в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Даараткананын мыкты дизайны. Министрлик жарыялаган сынактын шарты
Пьесалар 2020-жылдын 15-февралына чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Iskusstvo _art@mail.ru электрондук дарегине жиберилиши керек. Анда автор өзүн, дарегин, телефон номерлерин да сөзсүз жазып коюшу зарыл.

Аталган сынакка 315 000 сом каралган. Тандалып алынган чыгармалар министрликтин менчигине өтүп, 2020-жылы республиканын мамлекеттик театрларына сахналаштыруу үчүн жиберилмекчи.

7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү катары белгиленип келет. 2010-жылдагы апрель окуяларында 123 адам жан берген. "Ала-Тоо" аянтында 77 адам көз жумуп, 400 киши ар кандай жаракат алган. 36сы кийин каза болгон. Быйыл өлкө Апрель революциясынын 10 жылдык мааракесин өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0