Жээнбеков төрт депутатка мамлекеттик сыйлык тапшырды

Жазылуу
Айрым депутаттар "Эмгек сиңирген юрист", "Эмгек сиңирген кызматкер" наамы жана Ардак грамота менен сыйланган.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жыл соңунда Жогорку Кеңештин төрт депутатына мамлекеттик сыйлык ыйгарылды. Бул туурасында президенттин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыгында жазылган.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-декабрда, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу үчүн бир катар кесип ээлерине сыйлык берүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Дочь Торокула Айтматова, профессор Роза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Роза Айтматова, Байма Сутенова, Табылды Актанов баштаган топ талантка наам берилди
Ага ылайык, ЖК депутаты Тынчтык Шайназаров "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи", Каныбек Иманалиев "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер" наамын алды.

Ал эми депутат Улан Примовдун атасы Бердибай Примовго "Даңк" медалы ыйгарылды. Ал тизмеде "Пэрити Коал" ишканасынын директору катары тааныштырылган.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен депутаттар Жыргалбек Турускулов жана Нодирбек Каримов сыйланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0