Жээнбеков: мага президенттик бир эле мөөнөт жетишет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков инаугурация аземи учурунда. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков инаугурация аземи учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков президенттике 2017-жылдын ноябрь айында шайланган. Кыргызстанда президенттик мөөнөт беш жыл.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өзүнө бир эле президенттик мөөнөт жетерин жар салды.

Митинг сторонников Текебаева и Жапарова на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаровго ырайым кылуу маселеси боюнча оюн айтты
Маалымат жыйыны аяктап калганда мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева убакыт аягына келип калганын, иш-чара үч саатка созулганын эске салды. Бул учурда Жээнбеков өзү залда улам кол көтөрүп жаткан азербайжандыктардын жана түрк тилдүү мамлекеттер биримдигинин башчысы Нусрет Мамедовго сөз берүүнү сунуштады.

Ал Жээнбековдон алдыга койгон максаттарын ишке ашыруу үчүн экинчи мөөнөткө баруу пландары боюнча сурады. Президент аны колу менен жаңсап токтотту.

"Жок, мага бир эле мөөнөт жетет! Токтоткула, токтоткула", — деп жооп кайтарды.

Мындан соң президент журналисттерге ыраазычылык билдирип, келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0