Президент Садыр Жапаровго ырайым кылуу маселеси боюнча оюн айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников Текебаева и Жапарова на Старой площади Бишкека
Митинг сторонников Текебаева и Жапарова на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылдын октябрь айында абакта жаткан мурдагы депутат Садыр Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров боюнча сотко көрсөтмө бере албай турганын президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйыны учурунда айтты.

Эске салсак, абакта жаткан мурдагы депутат Садыр Жапаров президентке октябрь айында ырайым сурап кайрылган. Бул тууралуу коомчулукка анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов ноябрда айтып чыккан.

"Садыр Жапаров боюнча мен популисттик кылып сотко "мындай же тигиндей кыл" деп айтканым туура эмес. Сот системасы - мамлекеттин өзөгү. Бул системаны реформа кылып тазалайбыз деп айтып келебиз. Арыз бериптир, маселе каралып жатат. Кандай чечилерин кийин угасыздар", — деди Жээнбеков.

Президент өзү кызматка келгенде көп саясатчылар түрмөдө отурганын, ага бир топ жактоочулар кайрылып турганын билдирди. Ошондой эле сот бардык чечимди өзү кабыл аларын, анын жыйынтыгы менен таза жарандар  эркиндикке чыгып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0