Парламент комитети Абдилатиф Жумабаевди БАЭге элчиликке жактырды

© Sputnik / Табылды КадырбековНазначение на государственные должности
Назначение на государственные должности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдилатиф Жумабаев ушу тапта Кыргызстандын Сауд Аравиядагы, Түштүк Африкадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалап келет.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги элчиликке дипломат Абдилатиф Жумабаевди жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жумабаевдин талапкерлигин депутаттарга тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов тааныштырды.

Белгилей кетсек, Абдилатиф Жумабаев ушу тапта Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы жана Түштүк Африкадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0