Төрөбаев: "Өнүгүү — Прогресс" Кыргызстандагы алдыңкы үч партиянын катарында

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Жогорку Кеңештин фракция лидерлери менен маек куруусун улантат. 2015-жылы шайлоо алдында берилген убадаларынын канчасы аткарылгандыгын бул ирет "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев айтып берди.

"Өнүгүү — Прогресс" партиясы 2012-жылдын 17-февралында Юстиция министрлигинен "Өнүгүү" деген ат менен каттоодон өткөн. 2013-жылдын 25-апрелинде партиянын 2-съезди өтүп, төрагалыгына Бакыт Төрөбаев бекитилген. Өзүнүн саясий жолунда эң көп тандемге барган партия катары элдин эсинде калып келет.

— 2015-жылы үгүт иштери учурунда көп кабаттуу үйлөрдүн ар бирин жарыктандырууну убадаладыңыздар эле. Төрт жылдан кийин бул убаданы канчалык пайызда аткара алдык деп айта аласыз?

— Кыргызстан боюнча иштеп жаткан "Жарык шаар" деген долбоор бар. Анын ишке ашышына биздин фракциянын салымы чоң деп мактаныч менен айта алам. Мурда Бишкекти жарыктандырууга бюджеттен 60-70 миллион сом бөлүнсө, шаардык кеңештеги депутаттарыбыз мына ушул максаттарга 2018-жылы 250 миллион сом бөлүнүүсүнө жетишти. Ал эми 2019-жылы болжол менен 400 миллионго чукул каражат каралды. Өлкөнүн 31 шаарынын 24үндө фракцияларыбызга жарыктандыруу боюнча тапшырма бергенбиз. Бул идеяны шаардык кеңеш, шаар бийлиги дагы колдоодо.

— Жаңы курулуп жаткан имараттарды унаа токтотуучу жайы менен курууга мидеттендирүүнү убадаладыңыздар эле. Ал тургай Башкы прокуратуранын мурдагы имаратын унаа токтотуучу жай кылууну сунуштагансыздар. Ошол тууралуу кеп салып берсеңиз?

Бир Бол партиясынын лидери, ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Алтынбек Сулайманов: эркектерге караганда аялдардын саясий позициясы туруктуу
— Шаардагы автотыгындар абдан көйгөй жаратып жаткандыктан, Башкы прокуратуранын мурдагы имараты боюнча сунушубузду бергенбиз. Тилекке каршы, аталган имараттын статусу аныктала элек экен. Автоунаа токтотуучу жайлар боюнча көйгөйдү чечпесек, тыгындарды жокко чыгара албайбыз. Ошондуктан бул убада эсибизде жана аткарабыз.

— Партиянын программасы айыл чарбага басым жасайт. Ал эми бул тармактан сырткары кайсы багытта өгөртүүлөрдү сунуштай алдыңыздар?

— Саламаттык сактоо багытындагы "ден соолуктун кербени" деген мамлекеттик программа ишке ашты. Анын алкагында дарыгерлер заманбап жабдуулары менен шаардан региондорго барып, дарт аныкташууда. Бул алыскы аймакта жашаган жарандарыбыз үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

Мындан сырткары, оң рулдуу автоунаа айдагандар такси кызматын көрсөтө албайт деген мыйзам мурдагы чакырылыш тарабынан кабыл алынып калган. Мына ошол мыйзамга өзгөртүү киргизип, тактап айтканда, оң рулдуу унааларга эл ташыганга мүмкүнчүлүк берип 10 миң жумуш ордун сактап калдык. Пенсия, жөлөк пул киреше булагынан чыгарылды. Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги ачылды. Мына ушулардын баары биздин фракциянын демилгеси менен ишке ашты.

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава фракции "Онугуу — Прогресс" Бакыт Торобаев
Төрөбаев: Өнүгүү — Прогресс Кыргызстандагы алдыңкы үч партиянын катарында - Sputnik Кыргызстан
Глава фракции "Онугуу — Прогресс" Бакыт Торобаев

— "Ден соолук" кербени тууралуу айтып кеттиңиз. Демилгечи катары ошол аймактарды айлап кыдырып кеткен дарыгерлердин айлык акысына кызыгып көрдүңүз беле?

— Жок, сурап көрбөптүрмүн. Балким, ал дарыгерлердин маянасы аз чыгар. Анын негизги идеясы — элдин саламаттыгын жакшыртуу. Ал эми адистердин айлыгы тууралуу министрлик, өкмөт ойлонушу керек. Бүгүнкү күндө 232 миң адам текшерилди. Бул ушунча кыргызстандыктын саламаттыгына кам көрүү болуп саналат. Ал эми дарыгерлердин эмгек акысы боюнча эмдиги жылы республикалык бюджет каралып жатканда киргизүү жолдорун карайлы.

— "Өнүгүү — Прогресс" партиясынын VII чакырылыштагы парламентке келерине канчалык ишенесиз?

— Толук ишенем. Анткени биз эл аралап сурамжылоо жүргүздүк. Элдин жообуна таянсак, Кыргызстандагы алдыңкы үч партиянын катарында экенбиз. Эл бизди ар кандай жасап жаткан иштерибизден улам билет экен, ошону менен катар эле Бакиевдин партиясы дегендер да болду. Ага карабай шайлоочулар биздин партияны тааныйт, аткарган иштерибизден кабарлары бар. Ошол эле эл керек болсо айрым партиялардын лидеринин атын билбейт экен. Мына ушундан соң биз келе жаткан шайлоодон утуп, парламентке өтөбүз деген ишеним пайда болду.

— Ошону менен катар эле калк арасында тандабай тандем түзгөн партия катары да айтылып келесиздер. Бул шайлоодо да тандемге барасыздарбы же партия өз алдынча чыгабы?

Лидер фракции Республика — Ата-Журт Жыргалбек Турускулов - Sputnik Кыргызстан
Фракция лидери Турускулов: педофилияга жеңилдик болбошу керек эле, шашып койдук
— Сөзсүз өз алдынча бара алат, бирок натыйжа болуш үчүн көбүрөөк мандат алуу зарыл. Негизи эле эл туура түшүнсө бир партияга 65 мандат бериши керек. Буга чейин тандемдерде "Өнүгүү — Прогресс" бир дагы жолу бийлик тарап менен кошулган эмес. Эң оңою — бийлик менен биригип алуу, бирок андан тажрыйба топтобойсуң.

Учурда көптөгөн саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Балким тандемге барарбыз, азырынча так айта албайм. Көптөгөн партияларды тогуз пайыздык босого чек да кооптондурууда. Ой-максаттарыбыз төп келген башка кыймылдар менен биригип калышыбыз ыктымал. Бул үчүн алдыда дагы убакыт бар.

— Өзүңүздүн эле кесиптештер депутаттык мандатты алыш үчүн көп каражат кеткенин айтып жатышат. Сиз VII чакырылышка канча каражат коротууну пландап жатасыз?

— Тилекке каршы, азыр шайлоо абдан кымбаттады. Анткени штабдагылардын айлыгы, үгүт иштерин жүргүзгөн адамдарды алыш керек болуп, абдан көп каражат кетет. Азырынча канча акча кетирерибизди айта албайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0